super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте бүгүн, 8-сентябрда 147 жаран ажылык сапарга аттанат

 
Бүгүн, 8-сентябрда 147 жаран Бишкектен Меккеге ажылык сапарга аттанат. Муфтияттын маалыматы боюнча, алгачкы каттам менен борбор шаардын жана Нарын облусунун зыяратчылары жөнөшмөкчү. 
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кечээ, 7-сентябрда "Ажылык-2014" штабы менен жыйын өткөрүп, зыяратчыларды Мадина жана Мекке шаарларындагы мейманканаларга жайгаштыруу, тартип маселелеринде ажы башчылары кененирээк түшүндүрмөлөрдү берип, жоопкерчиликтүү болушу керектиги эскертилгени айтылды. "Иш-чарада ажылык сапарга аттанган жарандарга ажылардын ибадаттарын толук, кемчиликсиз аткарып келүүсү үчүн аларга диндин негиздеринен ажы башчылары тез-тез айтып, эскертип туруулары талкууланды" деп билдирет мекеменин маалымат кызматы.
Экинчи каттам Ош шаарынан 9-сентябрь күнү жөнөйт, анда Баткен облусунун 174 жараны аттанмакчы. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: