Кыргызстандагы таза суу көйгөйүн чечүүгө быйыл 25 миллион сом бөлүнөт
Кыргызстандагы таза суу көйгөйүн чечүүгө 2014-жылы республикалык бюджеттен 25 миллион сом бөлүнмөкчү. Муну бүгүн, 8-сентябрда парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин жыйынындаИчүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев билдирди. Айтымында, учурда аталган сумманын 5 миллион сому гана берилди. Каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоков сентябрь-октябрь айларында акча толук которула турганын билдирди. "Биз 8 айда бюджеттин "капиталдык салымдар" беренеси боюнча пландалган 2 миллиард 435 миллион сомдун 1 миллиард сомун бөлдүк",- дейт министрдин орун басары.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















