Айыл чарба министрлиги тоюттар Казакстан менен Тажикстанга ташылып кетип жатканына тынчсызданууда
“Кыргызстанда тоют жетишсиз деп жатканыбыз менен, чөп Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстанга ташылып жатат”,- деп билдирди КРнын Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев. Ал бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында айтты.
“Кыргызстанда тоют жетиштүү деңгээлде эле жыйналыптыр. Биз атайын рейтингин чыгарып көрдүк. Негизи, тоютту ар бир малдын башына эсептеп келебиз. Бир күндө бир кара малга 15-20 килограмм чөп берилсе, биздин рейтинг боюнча бул жетиштүү. Бирок эл "чөп жок" деп тынчсызданып жатат”,- деди Айдаралиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

