super.kg logo

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы “Фонта” алтын казуучу ишканасынын тонолгону боюнча билдирди

 

Буга чейин Чаткал районунда кытай жарандарына тиешелүү ишкананын белгисиз адамдар тарабынан тонолгону боюнча маалымат тараган. Бул боюнча бүгүн, 8-сентябрда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирүү таратты.

Анда “Үстүбүздөгү жылдын 7-сентябрь күнү саат 01:40 чамасында Чаткал районунун Чакмак-Суу айылында жайгашкан “Фонта” алтын казуучу ишканасына бет капчан эки жаран келип ок атуучу курал менен күзөтчүнү атып, эс алып жаткан күзөтчүлөрдү вагонго камап салышкан. Андан соң нөөмөт башчысы Алмазбек Эгембердиевди жана тилке башчысы Шайлообек Жуматаевди курал менен коркутушуп, алтын сакталуучу кампаны ачтырып, ичиндеги алтынды (салмагы тактала элек) алышкан. Кийин ошол эле ишканага таандык Тойота Прадо унаасын айдап из жашырып кетишкен. Натыйжада күзөттө турган Курманбек Сулайманов, нөөмөт башчысы Алмазбек Эгембердиев жана тилке башчысы Шайлообек Жуматаев денелеринен ар кандай жаракат алышып, Чаткал райондук ооруканасына жеткирилген. Оперативдүү маалыматтарга караганда, кылмышкерлер Чаткал районундагы тоо кыркалары аркылуу жөө качып кетишкен. Учурда аларды кармоо иштери жүрүп жатат” деп жазылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.09.2014. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алтын, алып тын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: