Бишкекте белгисиз адамдар экс-мэр Иса Өмүркуловдун баласын сабап, унаасын айдап кетишкен

Бишкекте белгисиз адамдар экс-мэр Иса Өмүркуловдун баласын сабап, унаасын айдап кетишкен. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда күч органдарынан билдиришти.
Өздүк булактардын маалыматына караганда, өткөн жумада милиция кызматкерлерине маалымат келип түшкөн. Анда белгисиз адамдар Бишкек шаарынын тургунун сабап, унаасын айдап кетишкени айтылган. Кийин жабырлануучунун өздүгү аныкталып, ал Бишкек шаарынын мурдагы башчысы Иса Өмүркуловдун баласы экени белгилүү болгон.
Бул маалыматты Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы да тастыктады. Ошондой эле учурда бул боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканы маалым болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:22
2025-08-04

17:17
2025-08-04

13:55
2025-08-04

13:40
2025-08-04
Рейтинг:
0

"атып жиберем, жутуп жиберем, чиритип жиберем" деп эле жазса болбойбу?