super.kg logo
  Саясат  

Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы бюджетти колдоо багытында Кыргызстанга 25 миллион доллар каражат бөлөт

 

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин бүгүн, 8-сентябрдагы отурумунда Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашуунун долбоору каралып, биринчи окууда жактырылды.

Каржы министри Ольга Лаврованын айтымында, Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы бюджетти колдоо багытында Кыргызстанга 25 миллион доллар каражат бөлөт. Анын 45 пайызы гранттык каражат болуп саналат. Насыя 0,75 пайыз үстөгү менен 40 жылдык мөөнөткө берилет. Анын алгачкы 10 жылында насыя пайызы төлөнбөйт.

Андан сырткары тармактык комитет өкмөт менен Европа бирлигинин ортосундагы Айылдык инфратүзүмдөрдү жана социалдык реинтеграцияны өнүктүрүү долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууга №2-толуктоонун долбоорун да жактырды.

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Максат Дыйканбаевдин айтымында, мурда түзүлгөн келишимдин негизинде Европа бирлиги айылдык инфратүзүмдү жакшыртуу максатында Кыргызстанга 8,6 миллион евро көлөмүндө каражат берген. Ал каражаттын 1,7 миллион евросу үнөмдөлгөндүктөн, азыр ал каражатты иштетүү үчүн келишимдин мөөнөтүн узартуу милдети турат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: