super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Түркиянын экс-президенти Абдулла Гүлдү Данакер ордени менен сыйлады

 
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кыргыз-түрк кызматташтыгына, эки элдин достугун бекемдөөгө зор салым кошкону үчүн Түркиянын экс-президенти Абдулла Гүлдү Данакер ордени менен сыйлоо жөнүндө буйрукка кол койду. Муну бүгүн, 8-сентябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди. "Биздин өлкөлөрдүн ортосунда жылуу, өзгөчө мамиле калыптанганын кубаныч менен белгилейм. Буга байланыштуу биздин боордош элдердин эки тараптуу кызматташтыгынын бекемделишине кошкон ири салымыңыз үчүн сизге ыраазычылык билдиргим келет. Биздин эки тараптуу иш сапарлардын жана сиз менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы мамиле өнүгүүнүн жаңы импульсун алды" деп башталган документте кыргыз-түрк алакаларынын негизги багыттары белгиленет. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: