Парламенттин Коргоо жана коопсуздук комитетинде кыргыз-тажик чек арасындагы жолдордун маселеси жабык каралууда
Парламенттин Коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйынында депутаттар кыргыз-тажик унаа жолдорун пайдалануу боюнча эки тараптуу келишимди жабык эшик артында карап жатат. Мындай чечим комитеттин бүгүнкү, 8-сентябрдагы жыйынында кабыл алынды. Алгач депутаттар аталган келишимдин кереги жок экенин айтышып, кароодон баш тартышкан. Жыйын жүрүшүндө депутат Исмаил Исаков “Бул келишимдин Кыргызстанга эмне кереги бар?” деген суроо салды.
Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев маселени кенен, жабык эшик артында кароону сунуш кылды. “Бул келишим бүгүн келди. Ошондуктан карап коюуңуздарды өтүнөм. Эгерде туура көрсөңүздөр, журналисттерди жыйындан чыгаралы”,- деди. Депутаттар анын сунушун колдоого алышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:03
2026-02-23
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















