super.kg logo
  Спорт  

Бүгүн Омар, Эрмек Нурбаев баштаган шоу-бизнес өкүлдөрү футбол боюнча Кыргызстандын кыздар арасындагы курамасын 7:6 эсебинде утуп алды (фоторепортаж)

 
Кызыктуу оюн күйөрмандардын колдоосу менен башталды.
Кызыктуу оюн күйөрмандардын колдоосу менен башталды.
Эрмек Нурбаев кайсы оюнчунун ордуна майданга чыгуу керек экенин "байкаштырып" отурат.
Рэп ырчысы Бегиш топ менен...
Оюндун жүрүшүнөн...
Ырчы Ислам Акматов өнөктөштөрүнөн пас сурап жатат.
Шоу-бизнестин алгачкы голдорун ырчы Омар киргизди. Чабуулда ийгиликтүү ойногон соң ал экинчи таймда коргонууда да оюн көрсөттү. Муну менен чектелбей, ал дарбазачы катары голду өткөрүп жиберүү кандай экенин да байкап көрдү.
Кыздар арасындагы курамда көп оюнчу болду.
Урмат Усенов биринчи таймда коргонууда оюн көрсөттү. Экинчи таймда ал майдан четине чыгып, команданын оюнуна четтен көз салып турду.
Оюндун жүрүшүнөн...
Ырчылардын курамында алмашууга чыккан жана кезегин күтүп турган оюнчулар.
Эрмек Нурбаев кыздарга ийгилик каалап, бүгүнкү оюн үчүн рахмат айтты.
Шоу-бизнес өкүлдөрү кыздарга оюн үчүн рахмат айтышты.
Кыздардан турган курама команда бүгүнкү оюн тууралуу дагы көп талкууласа керек...
Аягында элге сонун оюн тартуулап берген футболчулар жана шоу-бизнес өкүлдөрү эстеликке сүрөткө түшүштү.
Аягында элге кызыктуу оюн тартуулап берген футболчулар жана шоу-бизнес өкүлдөрү эстеликке сүрөткө түшүштү.

Бүгүн, 8-сентябрда Бишкекте шоу-бизнес өкүлдөрүнөн түзүлгөн курама команда менен кыз-келиндер арасында Кыргызстандын улуттук курама командасынын ортосунда футбол боюнча жолдоштук беттеш өттү.

Анда 40 мүнөттөн эки тайм ойнолду. Оюн 16 жашка чейинки курактагы кыздар арасындагы Кыргызстандын курама командасынын Азия чемпиондугунун тандап алуу туруна даярдыгынын алкагында орун алды. Андыктан кыздардын курамында орун алмашуу адаттагыдай 3 гана ирет болду. Ал эми шоу-бизнес өкүлдөрүнүн курамындагы оюнчулар тез-тезден алмашууларга орун берип жатышты. 

Шоу-бизнес өкүлдөрүнөн турган командада ырчылар Омар, Урмат Усенов, Ислам Акматов, рэп ырчысы Бегиш жана "Тамашоу" Лигасынын негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев жана башка бир катар атактуулар майданга чыгышты. Албетте, кыздар футбол менен олуттуу алектенип келгенин эске алып, башта эл жеңишти кыздарга ыйгарып жатышкан. Бирок акыркы 2 жылдан бери мелдештерге байма-бай катышып келаткан шоу-бизнес өкүлдөрүнүн командасы оңой жоо болуп берген жок. 

"Чү" дегенде эле Омар эсепти ачып, маданият өкүлдөрүн алдыга алып чыкты. Ооба, биринчи таймда бул команда голдорунун санын арттыруунун гана үстүндө болду. Ал эми кыздардын оюну биринчи таймда машыктыруучунун кыялындагыдай болбой жатканын күйөрмандар көрүп турушту. Экинчи тайм да голго бай болду. Бул жолу кыздар курамасы күчкө келип, кезек-кезеги менен гол жаратууга үлгүрүштү. Оюн аяктаар маалда кыздарда эсепти теңеп, оюнду пенальтилер сериясына "өткөрүп кетүү" мүмкүнчүлүгү болду. Бирок кыздар пенальтиде таамай чыгып гол жарата алышкан жок. Ошентип, 7:6 эсебинде шоу-бизнес өкүлдөрү жеңишке жетишишти. 

Бул оюн колдоп келген элге көп голдун киргени менен жакты. Кыздардын дарбазасына 7 гол кирди. Ошентсе да мындай көп гол кыргыз кыздарынын дарбазасына кирбесин деген ойду ойлоп, эл футболдон тарап кетти. Эч болбосо кыздарыбыз жакшы жыйынтык көрсөтсүн. Болбосо, эркектер арасындагы улуттук курама командабыз Казакстанга 7:1 эсебинде утулганын азырынча эч ким унутууга бел байлай элек.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
08.09.2014. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы оюн болуптур. . мындан да кызыктуу оюндарды кутобуз
08.09.2014. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизди да айтып койбой беленер
09.09.2014. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызарды утуп алып сүйүнбөй эле коюшсун,тем более 16 жашка чейинки жааш кыздар экен. А ырчылар болсо кааанча жылдан бери футбол ойношот.
09.09.2014. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аявай сонун болуптур оюнунар
09.09.2014. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
superFutbol bolobu byiyl
09.09.2014. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жаш кыздар екен
09.09.2014. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Килейген балдар кичинекей кыздар менен ойногону таң калдырды. Менимче кыздарга кыйын болсо керек, себеби балдар, анан калса ырчылар (жылдыздар).
09.09.2014. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жоомарт Жолдошев да журобу
09.09.2014. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Катыгууун! Женилип калып шерменде боло жаздашып кудай сактаган тура. :-)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: