Нарын. Нарын шаардык жана райондук өрткө каршы күрөшүү кызматкерлери мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү



Нарын райондук жана шаардык өрткө каршы күрөшүү башкармалыгынын инспекторлору Нарын шаарындагы Эсенгул Ибраев атындагы №4-орто мектептин окуучуларына өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Негизинен, өрт кырсыгы учурунда адам кандай аракеттерди көрүшү керек, өрт кырсыгын жаратуучу буюмдарды, өткөргүчтөрдү кантип колдонуу туура деген суроолордун тегерегинде сөз болду. Аталган башкармалыктын улуу инспектору Самар Абдрахманов мындан ары айына бир жолу райондогу ар бир мектепте ушундай түшүндүрүү иштери байма-бай жүргүзүлүп турарын белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:13
2025-06-26

14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

Рейтинг:
0

