super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз-кытай чек арачыларынын арасында спорттук мелдештер орун алды

 

Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районундагы Улуу-Чат уездинде өткөн аптанын соңунда кытай жана кыргыз чек арачыларынын арасында спорттук иш-чара өттү. Бул тууралуу 8-сентябрда Мамлекеттик чек ара кызматынын коом менен байланышуу бөлүмү билдирди.

Спорттук мелдештердин максаты эки өлкөдөгү Чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн ынтымагын бекемдөө болуп саналат. Анда чек арачылар баскетбол, стол үстүндөгү теннис боюнча күч сынашты. Кыргыз курамасын мекеменин Ош жана Жалал-Абад облустарындагы бөлүктөрүндө кызмат өтөгөндөр түздү. Жыйынтыгында стол үстүндөгү теннисте кыргыз курамасы 2:1 эсебинде утса, баскетбол боюнча 93:78 эсебинде Кызыл-Суу кыргыз автономдуу аймагындагы Коомдук коопсуздукту сактоо министрлигинин чек ара отрядынын кызматкерлери утуп кетишти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: