Чоң-Алай районунда мал сарай өрттөнүп, 35 баш мал өлдү
23-январда саат 05:00 чамасында Чоң-Алай районунун Жаш-Тилек айылынын тургуну Ш.Иманкуловго таандык сарай өрттөнүп, 35 баш мал-жандыгы өлдү. Тактап айтканда, кырсыктан 31 баш майда мүйүздүү жандык, 3 баш бодо мал жана 1 эшек өлгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.