super.kg logo

Чүйдө милициянын подполковниги ишкерден опузалап пара алып жаткан жеринен кармалды

 

Чүйдө милициянын подполковниги ишкерден опузалап пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 9-сентябрда билдирди.

Маалыматтарга караганда, Чүй ОИИББинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын кызматкери, А.Т.К. аттуу милициянын подполковниги жеке ишкерди опузалап коркутуу аркылуу маал-маалы менен 1000 АКШ долларын алып турган. Бул боюнча атайын ыкчам аракеттер жүргүзүлүп, Кара-Балта шаарынан аталган милиция кызматкери ишкерден 15 миң сом алып жаткан жеринен кармалган. Кийин соттун чечими менен ал УКМКнын СИЗОсуна камакка алынды.

Иликтөөдө аталган милиция кызматкери буга чейин кызмат абалынан пайдаланып келгени аныкталды. Маселен, 2011-жылы А.Т.К. тарабынан Кара-Балта шаарынын тургуну жалган негизде жоопко тартылып, 8 ай УКМКнын СИЗОсунда камакка отуруп чыккандыгы белгилүү болду. Учурда иликтөө иштери уланууда.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
10.09.2014. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ кылат, ушулардын айынан карапайым эл жапа чеккени чеккен.
Модератор admin_portal түзөттү 10.09.2014 10:54
10.09.2014. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chomly88 - эскертүү!
Кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: