super.kg logo
  Саясат  

15-сентябрда шайлоо мыйзамдарын жакшыртууга багытталган мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу өтөт

 

Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети быйыл 15-сентябрда Ош шаарында, 22-сентябрда Бишкек шаарында шайлоо мыйзамдарын жакшыртууга багытталган Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзам долбоорлору боюнча (Кыргыз Республикасынын Президентин жана КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорлору) коомдук талкуу өткөрөт. Муну 9-сентябрда парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган мыйзам долбоорлору төмөнкүлөргө багытталат:

- республикалык жана аймактык болуп эки бөлүктөн турган саясий партиялардын талапкерлеринин бирдиктүү тизмесин түзүүдө жаңы тартипти аныктоого;

- шайлоочуларды идентификациялоо (биометриялык маалыматтар), добуштарды саноо жана шайлоонун жыйынтыктарын чыгаруу үчүн жаңы автоматташтырылган технологияларды шайлоо практикасына киргизүүгө;

- саясий партиялардын шайлоо фонддорунун өлчөмүн көбөйтүүгө;

- преференттик добуш берүүнү орнотууга, б.а. шайлоочулар өздөрүнүн добуштарын саясий партиянын тизмесиндеги конкреттүү талапкерге берүүсүнө;

- колдонуудагы мыйзамдарда табылган кемчиликтерди, карама-каршылыктарды, эки ачакей, түрдүү түшүнүүлөрдү жаратканын эске алуу менен колдонуудагы шайлоо мыйзамдарынын базасында шайлоо мыйзамдарынын унификацияланган бирдиктүү укуктук негизин түзүүгө.

Иш-чарага депутаттар, өкмөт өкүлдөрү, жарандык коомдун өкүлдөрү, эксперттер жана башкалар катышмакчы. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: