Машыктыруучу: "Кыргызстандык бильярдчылар Казакстанда жана Орусияда өтчү биринчиликтерге даярданышууда"

Бүгүн, 9-сентябрда маалымат жыйынында бильярд боюнча КРнын курама командасынын башкы машыктыруучусу Каныбек Дүйшөбаев: “Биздин кий чеберлерибиз 18-сентябрда Казакстандын Тараз шаарында жана ноябрда Орусиянын Ханты-Мансийск шаарында өтчү биринчиликтерге даярданышууда”,- деп билдирди.
Ал кечээ республика боюнча мелдеш аяктап, Казакстанда өтчү биринчиликке катыша турган спортчулар аныкталганын айтып: “Бул мелдешке өлкөбүздөн 5 бильярдчы барат. Алардан тышкары дагы 3 запастагы оюнчу тандалат”,- деди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.