Комитет электр энергетика жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзам долбоорун артка кайтарды
Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети бүгүн, 9-сентябрда депутат Урмат Аманбаева тарабынан демилгеленип жаткан электр энергетика жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзам долбоорун артка кайтарды.
Комитет төрагасы Кожобек Рыспаев депутат өзү мыйзам долбоордун артка чакыртып алганын айтты.
“Бул мыйзам долбоорун кароодон комитет баш тартат. Демилгечи депутат өзү артка кайтарып жатат. Мага каты келип түштү”,- деди Рыспаев.
Андан сырткары “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Куловдун кайрылуусу да артка жылды.
Айта кетсек, Феликс Кулов бүгүн аталган комитет отурумунда атайын кайрылуу жолдомок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

