super.kg logo
  Саясат  

Кырсык болгон жерден качып кеткен айдоочуларды 10 жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталууда

 
Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин 9-сентябрдагы жыйынында жол эрежесин бузган айдоочуларды айдоочулук укуктан ажыратуу жана кылмыш жазанын жаңы түрүн киргизүүгө багытталган мыйзам долбоору каралды. Мыйзам долбоордун демилгечиси - вице-спикер Төрөбай Зулпукаров. Айтымында, унаа менен жолдо жүрүүдө бейбаштык кылса, жол эрежелерин бузуп, адам өмүрү кыйылса, жазага тартуу азыркыдан күчөтүлөт.

Унаа жарышына түшүп же дагы башка себептер менен бейбаштык кылса, 300 сомдон 500 сомго чейин айып пул салынат. Андан сырткары айдоочу кырсык болгон жерди таштап качып кетсе жана жол кыймылынын бузулуусунан адамдардын ден соолугуна зыян тийсе же өмүрү кыйылса, үч жылдык айдоочулук укуктан ажырайт, же болбосо 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат”,- деди вице спикер.

Комитет мүчөлөрү демилгени экинчи окууда жактырып, добуш берүүгө жиберишти.   





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: