super.kg logo

Баткен облусунун фольклордук чыгармачыл тобу Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында концерт тартуулайт

 
Ысык-Көлдө өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Баткен облусунун район, шаарларынан жалпысынан 398 адам катышууда. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн Дилара Парпиева билдирди.
Анын берген маалыматка ылайык, Баткен облусундагы Маданият үйүнүн чыгармачыл жамааты, кол өнөрчүлөр, спортчулар, облустун, райондор жана шаарлардын жетекчилери жөнөп кетишкен.
Маалым болгондой, алар нукура кыргыз буюмдары менен кооздолгон 12 боз үй тигишти. Аны менен катар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө килем көргөзмөсү, улуттук тамак-аштар боюнча сынак жана фольклордук чыгармачыл топ тарабынан концерт уюштурулат.
Мындан тышкары иш-чаранын конокторуна кыргыздын тушоо кесүү, ат такалоо, мал союу жана этти жиликтөө салттары көрсөтүлмөкчү. Ошондой эле килем токуу, таар токуу кол өнөрчүлүктөрү тааныштырылат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: