super.kg logo

Ошто "медициналык факультетке өткөрүүнү убада кылып абитуриенттерден 300 миң сомго чейин акча алган" деген шек менен 6-курстун студенти кармалды

 

"Жогорку окуу жайына өткөрүүнү убада кылып, абитуриенттерден акча алган" деген шек менен ОшМУнун медициналык факультетинин студенти кармалды. Бул тууралуу 9-сентябрда ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда укук коргоо органдарына шаардын үч тургуну арыз менен кайрылган. Алар Ош мамлекеттик университетинин медициналык факультетинин 6-курсунун студенти Саматов Курманбек окууга өткөрүүнү убада кылып, эки кыздан 150 миң сомдон, бир кыздан 120 миң сом алганын айтышкан. Бирок абитуриенттердин окууга өтпөй калганы белгилүү болгон. 

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүү эки жыл мурун өзүнүн айылдашы, 1996-жылы Ноокат районунда туулган С.Г. аттуу кыздан 3 миң доллар алганы аныкталган. Эки жыл аралыгында "окуп жатасың" деп алдап, баа коюлган жасалма зачёттук китепчени көрсөтүп келгени такталган. Укук коргоо органдары өзүн 2-курстун студенти деп эсептеген кыз Саматов Курманбекке ишенип окууга келбей жүргөнүн аныкташкан. 

Жогорудагы фактылар боюнча иликтөө иштери жүрүп, шектүү тергөө абагына отургузулду. 

"Бүгүн, 9-сентябрда милицияга жабыр тарткан дагы үч жаран кайрылды. Эки кыздын ата-энеси аталган факультетке кыздарын өткөрүү үчүн К.Саматовго 140 миң сом жана 300 миң сом берип, алданып калышканын айтышкан. Дагы бири төрт абитуриенттин атынан ортомчу болуп 12 миң доллар (ар бири үчүн 3 миң доллардан) бергенин билдирди" деп айтылат маалыматта. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(17)
09.09.2014. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Медик болууга окуп жатса уйундо олтуруп алып эле акча берип коюп,ой-тобоо кийн адамдарды кантип даарылайт ушул медиктерди ишке алаарда атайын комиссия тузуп сынактан откоруп анан ужмуш орундарын бериш керек болбосо даарылап жатам деп чекеден кырып ташташатко буларын.
09.09.2014. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Dadin1, туура айтасын ушулардын артынан канчоосу олуп кетти..
Акча бербесен олуп атсан да кабыл алышпайт...жексурлар!медиктер ГАИлерденда ашып туштуда...
09.09.2014. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ой баай Кудай ай, ооруп калгандан сакта. Акча берген адамдан сакта, акча алган адамдан сакта. Тообо акча берип медик болгончо көчө шыпыргылачы
09.09.2014. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ОшМУда медицинскийде окугандар ушундайбы ээ. Кыйын болуп жүрүшөт негизи врач болом дешип. Саматовго окшогондор коп болсо керек. Уят эле, ОШМУ тазалан, коррупцияга батып кирдеп калган окшойсун
09.09.2014. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ОшМУда бул кадыресе корунуш (озу ушул окуу жайда окуйм)
10.09.2014. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayakosya, андай деле эмес, сен колледжде окусан керек Медфакта текшеруу кучтуу. Институт менен колледждин айырмасы чон.
09.09.2014. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жегенинди куса турган убак келиптир да. Адалдан табылбаган акча жукпайт...... дейт беле?
09.09.2014. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чабак тушуп чон балыктар тушпойтко.
09.09.2014. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менин билишимче Медицина окуу жайы акча менен эле бутушот студенттери.Оз козум менен коруп келатам .2чи авысынымды ОштМед Институтта 4курста окуп жургондо келин кылып алдык .3жылда бир барып окуган жок ,жалган айтпайм,сессияда барып акча менен бутуруп келип журду .былтыр окуусун аяктады ,дипломду алды.Эч нерсе билбейт бирок иштеп журот ,тан калам.Былтыр да кичине авысынымды ЖАГУнун мед училищада окуган кызды авысын кылдым ,ал деле бутуп атат акча менен,озу россияда журот .мына сага биздин Врачта
10.09.2014. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мунун эмнеси тан калычтуу?
Болуп эле келген нерсе
10.09.2014. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Студент ошондой иш кылса мугалимдери мындан жаман иш кылат. Медфакта окуп атам деп уйундо кантип отурат уялбай. ОШМУнун медфагын жаап салыш керек. Буткон студенттерин больинцага эмес моркода ишке албаш керек. Азыр больинцага жакшына барып, операциядан чыкпай калды, даарыларды которо албай олуп калды деген создорду кооп угуп калдым. Билимсиз врачтардын айынан олуп жатат. Гипакратын анты урат билимсиз врачтарды.
10.09.2014. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kanat_kyrgyz, Буларын врач болсо урабы самозванец болсо каяктан урат.Буларды элдин каргышы урат.
10.09.2014. 05:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ой тооба кылдым десе,озум Баткенде турсам да оозум Ошту карап калды.
10.09.2014. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушинтип окуп буткон студенттерге кийин ден-соолукту ишенип тапшыруу кандай гана коркунучтуу.Булар ичин ооруса бутунду кесет го!
10.09.2014. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суперчилер сураныч ушул иштин аягы эмне менен бүтөөрүн кабарлап тургулачы. Пара алган эле эмес бергендерди да жоопко тартыш керек деп эсептейм.
10.09.2014. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asiret, Туура ошондо гана коррупция менен болгон курош алдыга жылат.
10.09.2014. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Козу карындай быжырап осуп кеткен медициналык окуу жайларын бардыгын жаап салыш керек,Бир гана Мед.академияны калтырып.Башка шаарларда мед.училищаны эле калтырып.Ананда окууга тапшырып окуп жаткан студентерге талапты катуу коюш керек.. ЖОЖ окуп жатып акча берген студенттерди, акча алган мугалимдерди минимум 5 жылга камаш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: