Япониянын Кыргызстандагы элчилиги Кара-Кулжа аймактык ооруканасына 61,8 миң долларлык медициналык жабдууларды берет
Япониянын Кыргызстандагы элчилиги Кара-Кулжа аймактык ооруканасына 61,8 миң долларлык медициналык жабдууларды берет. Тиешелүү келишимге эки тараптуу кол коюлганын 23-январда аталган элчиликтен маалымдашты. Тактап айканда, “Чөптүн тамыры жана адамзат коопсуздугу” долбоорунун алкагында түзүлгөн келишимге Япониянын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Ясумаса Иидзима жана Кара-Кулжа аймактык ооруканасынын жетекчиси Зикир Шалтаков кол койгон. ”Бюджеттин тартыш учурунда Япония элчилиги тарабынан берилген жардам зор колдоо. Бул жаратылышы, шарты татаал райондун жашоочуларынын саламаттыгы үчүн зарыл”,- деди Шалтаков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
17:12
2025-11-05
14:32
2025-11-05
10:57
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















