super.kg logo
  Саясат  

Исмаил Исаков "министрлер депутаттарды укпай калышты" дейт

 

"Министрлер депутаттарды укпай калышты",- деп билдирди Исмаил Исаков ЖКнын 10-сентябрдагы жыйынында. Анын айтымында, каралып жаткан мыйзам долбоорун өкмөт сунуштап жаткандан кийин депутаттардын суроолоруна тиешелүү министрлер келип жооп бериши керек. 

"Биз өкмөт тарабынан сунушталган мыйзамдарды талкуулап, кабыл алып жатабыз. Бул жерде азыр биздин суроолорго Экономика министрлигинин статс-катчысы Айдай Курманова жооп берип жатат. Муну айтып жатканымдын себеби, министрлер бизди укпай жатышат. Өздөрү келип жооп бериши керек да. Минтип Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына барбай, жумуш деп отурабыз. Статс-катчы толук жооп бере албай жатат. Мындан ары кайталанбасын",- деди Исаков. 

Айдай Курманова экономика министри Темир Сариев Ысык-Көлгө, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кеткенин айтты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: