2013-жылга салыштырмалуу быйыл чет өлкөлүк инвестициялар азайганы белгилүү болду

2013-жылга салыштырмалуу быйыл чет өлкөлүк инвестициялар азайганы белгилүү болду. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин журналисттер менен болгон жолугушуусунда айтылды.
Автор: Мирлан Өмүралиев
Фото: Мирлан Өмүралиев
Жалпысынан алганда 7 ай ичинде Кыргызстанга 213,8 миллион доллар түз инвестиция келип түшкөн. 2013-жылы ушул эле аралыкта 345,5 миллион доллар инвестиция келип түшкөн. Демек, өткөн жылга салыштырмалуу быйыл чет өлкөлүк инвестициялар 38,1 пайызга азайган.
Быйылкы түшкөн тышкы инвестициянын дээрлик 92 пайызы Бишкек шаарына тартылган. КРга инвестиция Улуу Британия, Кипр, Кытай, Канада, Орусия жана башка мамлекеттерден келип түшөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

