super.kg logo

Баткен облусундагы №2023-аскер бөлүгүндө жетекчилердин кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды

 
Баткен облусунун Айдаркен шаарында жайгашкан Мамлекеттик чек ара кызматынын №2023-аскер бөлүгүндө кызмат адамдары тарабынан кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланган фактылар аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда Баткен облустук аскер прокуратурасы билдирди.
Маалым болгондой, республикалык бюджеттен аскер бөлүгүнүн жана чек ара тозотторунун имараттарын оңдоп-түзөө үчүн 400 миң сомго жакын акча бөлүнгөн. Ал сумма жеке ишкерлер аркылуу түзүлгөн келишимдердин негизинде алардын банктык эсептерине которулган. Кийин которулган акча каражаты накталай акчага айландырылып, өз кызыкчылыктары үчүн пайдаланылган. Көрсөтүлгөн кылмыштуу аракеттерди жаап-жашыруу максатында жалган документтерди түзүшкөн.
Учурда бул кылмыштуу аракеттер боюнча учурда тергөө иштери жүрүп жатат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: