super.kg logo

"Майып адамды бычак менен коркуткан" деген шек менен 28 жаштагы жаран колго түшүрүлдү

 

"Майып адамды бычак менен коркуткан" деген шек менен 28 жаштагы жаран колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 10-сентябрда билдирди.

Маалыматтарга караганда, Айбек аттуу 2-топтогу майып жаран үйүндө жалгыз калган мезгилде 25-30 жаштардагы белгисиз адам кирип келип, моюнуна бычак такап коркутуп баштаган. Муну Айбектин коңшусу көрүп калып, жардамга чакырып кыйкырып жиберген. Мындан соң шектүү жаран качууга аргасыз болгон. Кийин аталган окуя боюнча милицияга билдирилип, ыкчам аракеттердин натыйжасында кылмышка шектүү болгон Ильдар аттуу жаран кармалган. Ал өзүнүн аракеттерин түшүндүрүүдөн баш тарткан. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(2)
10.09.2014. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бычаксыз деле киши корко турган туру бар экенго.
10.09.2014. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Winner туура айтасын кошулам..адамды туруно карап сулуу же туру суук деп болбойсун дечи,бирок кандай адам экенин козунон карап эле билип койсо болот.коздору аябай коркунучтуу экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: