Германиялык автожарышчы Михаэль Шумахер ооруканадан үйүнө чыгарылды

Ооруканада бир нече ай дарыланып жаткан германиялык автожарышчы Михаэль Шумахер үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Шумахердин менеджери Сабина Кемге шилтеме берүү менен чет элдик массалык маалымат каражаттары бүгүн, 10-сентябрда жазып чыгышты.
“Акыркы жумада жана айларда ден соолугунда жылыш болду. Бирок алдыда узак жана оор дарылануу күтүп турат. Биз Лозанне госпиталынын кызматкерлеринин компетенттүү эмгектерине ыраазыбыз. Ошондой эле Михаэлдин жеке жашоосун мындан ары сыйлооңорду жана анын ден соолугунун акыбалын өз мүдөөсү үчүн пайдалануудан алыс болууңарды сурайбыз”,- дейт Сабина Кем.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

otkondo jazyp chyktynargo koz jumdu dep
Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, кенен маалымат ала аласыз: http://www.super.kg/kabar/news/71525/