super.kg logo

Кыргызстандын Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун алдындагы карызы 300 миң швейцариялык франкка жетти

 

20 жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун алдындагы мүчөлүк төлөө боюнча карызы 300 миң швейцариялык франкка (1 шв.франк = 57,6 сом) жетти. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында өтүп жаткан эл аралык илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө "Кыргызгидромет" кызматынын Гидрометеорологиялык байкоо, божомолдоо жана маалымат менен камсыздоо башкармалыгынын башчысы Татьяна Черникова билдирди. 

Анын айтымында, эртең, 11-сентябрда КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин аталган уюмдун башкы катчысы Мишель Жарро менен жолугушуусу күтүлүп, анда кыргыз тараптын карыз маселеси көтөрүлөт. "Кыргызгидромет" Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюмга 1994-жылы кирген. Кыргыз тарап мүчөлүк төлөөсүн жыл сайын төлөп бериши керек болчу. Бирок 300 миң швейцариялык франкка барабар карызга карабастан, уюм Кыргызстанга кадрларды даярдоодо, методикаларды түзүүдө колдоо көрсөтүп келет”,- деди Т.Черникова.

Мындан тышкары ал Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюмга 185ке жакын мамлекет кирерин белгиледи. "Эгер биз бул уюмдан чыксак, кыргызстандыктар аба ырайы тууралуу так маалыматты ала албай калышат",- деп түшүндүрдү адис.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.09.2014. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бугун жаан жаайт же жаабайт деген аба ырайыны мен 20 жылдан бери угуп тажадым ошол не точный прогноздор 300000000 болуп кетиптирби ме сага швецария ушундай лохотрон менен еле байып жатат экенда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: