Кадамжай районунда эки бир тууган кызды унаасы менен сүзүп, качып кеткен айдоочуну тапкан жаранга 200 миң сом сыйлык берилет
Баткендин Кадамжай районунда 22-августта өспүрүм бир тууган кыздарды автоунаасы менен сүзүп кетип, изин жашырган айдоочуну табуу үчүн Кадамжай РИИБи район тургундарынан жардам сурайт. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда аталган башкармалыктан билдиришти.
Автор: Айсана Паизова
Ага ылайык, изделип жаткан адамды тапкан адамдын аты-жөнү купуя сакталарына кепилдик берилет жана 200 миң сом акчалай сыйлык тапшырылат.
Эскерте кетсек, өткөн айдын 22-августунда Кадамжай районунун Орозбеков айылында Хундай-Портер үлгүсүндөгү автоунаа бир тууган 4 жана 7 жаштардагы эки кызды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Натыйжада бир тууган эки кыз каза болгон. Бүгүнкү күндө издөө иштери уланууда. Көргөн-билгендер Кадамжай РИИБинин төмөнкү байланыш телефондоруна билдирип коюуну өтүнөт: (03655) 5-02-29, 6-07-78, 0770 50 00 65, 0773 08 12 12, 0779 55 04 55
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:22
2025-08-04

17:17
2025-08-04

13:55
2025-08-04

13:40
2025-08-04
Рейтинг:
0

Портер болсо ото деле коп эмесго,тапса болот.