super.kg logo
  Саясат  

Өзгөндүн Шералы айылындагы мектептин курулушу бүтпөй, окуучулар чатырда окуп жатышканы айтылды

 
Бүгүн, 11-сентябрда парламенттин жыйынында депутат Мамат Орозбаев Өзгөн районунда бир катар мектептердин курулушу башталып, бирок аягына чыкпай жатканын айтты. Шералы айылындагы Касымалы Рысбаев атындагы мектептин курулушу үч жыл мурун башталып, бирок үчүнчү кабатына келип иш токтоп калганына токтолду. "Шералы мектеби авариялык абалда турат. Жер катуу силкинсе, балдарды басып калат. Ошол себептен мектепти куруу ишин тездетели деп үч жылдан бери чуркап жүрүп, тендерден утуп алган, бирок иш азыр токтоп турат. Өкмөт ушул ишти көзөмөлгө алып койсо",- деди Орозбаев. 
Депутат мектеп окуучулары 4-5 жылдан бери жарым-жартылай болуп чатырда окуп жатышканын кошумчалады. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: