Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Көк бөрү боюнча Кыргызстандын курамасы Өзбекстанды 11:0 эсебинде утту

Бүгүн, 11-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча 2-турдун оюндары орун алды. Анда Кыргызстандын экинчи курамы Өзбекстанга каршы ойноп, 11:0 эсебинде жеңип чыкты.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оюндун башында эле кыргызстандык курам үстөмдүк кылып, бир ыкмада ойноп жатышты. Бир оюнчу өзүнүн тай казанынан алыс туруп, каршылашынын тай казанына чабуул жасайт. Бул учурда калган оюнчулар каршылаштарды тосуп турушту. Өзбек тараптын чабуул жасоого аракети жакшы жыйынтык алып келген жок.
Эми Ооганстан менен Түркиянын командалары кез келишет. Ошондой эле Монголия менен Алтай (Орусия) жана Кыргызстан-1 менен Тажикстан беттешет.
Жалпысынан көк бөрү боюнча мелдештерге 8 команда катышууда. Алар "А" жана "В" тайпасына бөлүнүштү. Ар бир тайпадагы жеңүүчүлөр финалда кез келишет. Кыргызстан уюштуруучу болгондуктан, өлкө атынан эки команда чыгат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
Ал боюнча төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп окуй аласыз: http://www.super.kg/kabar/news/80637/