Өлкө башчы Дүйшөмбүдө өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмунун кезектеги жыйынына катышат
2014-жылдын 11-12-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Тажикстан Республикасынын Дүйшөмбү шаарына барат.
ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынынын жүрүшүндө Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагында саясий жана экономикалык өз ара аракеттенүү маселелери, ошондой эле уюмдун приоритеттери жана мындан аркы өнүгүү маселелери талкууланары күтүлүүдө.
Мамлекет башчысынын сапарынын алкагында башка өлкөлөрдүн делегация башчылары менен жолугушуусу да пландаштырылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

