super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев: "Кумтөрдүн" ишин атайлап токтотууга каршы жазылган мыйзам кийин башка ишканалар үчүн да иштеп калышы мүмкүн"

 
Кыргызстанда стратегиялык маанидеги ишканалардын ишин атайлап токтоткон же үзгүлтүккө учураткан жетекчилерди жана кызматкерлерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча сунушталып жаткан мыйзам "Кумтөрдөн" башка да ири ишканаларга тийиштүү болуп калышы мүмкүн. Муну парламенттин 11-сентябрдагы жыйынында мыйзамдын демилгечиси Өмүрбек Текебаев айтты. 
Жыйында депутат Айнуру Алтыбаева "Мыйзам долбоорунун маалым кат-негиздемесинде "Кумтөргө" гана басым жасалууда. Бирок документте үлүшү ички дүң продукциянын 2 же андан ашык пайызын түзгөн стратегиялык ишканалар жөнүндө сөз болуп жатат. Мындай ишканалардын катарына эртең башка ишканалар да кирип калышы мүмкүн" деп билдирген эле. Сунуш туура экенин белгилеген Текебаев: "Ички дүң продукциянын 5 пайызы - 15 миллиард сом. Ооба, мыйзам долбоору "Кумтөргө" гана негизделип даярдалды. Бирок убакыттын өтүшү менен башка ишканалар да бул аныктамага туш келип калышы мүмкүн",- деди депутат. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: