Өмүрбек Текебаев: "23 жылдан бери саясатта жүргөн 50 эмес, бир эле киши бар, ал менмин"
"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн, 11-сентябрда "Парламент" радиосундагы маегинде өзү демилгелеген мыйзам долбоорлору боюнча маалымат берди. Түз байланышта угармандар да суроо беришти. Суроо-жооп процессинде угармандардын бири "23 жылдан бери саясатта жүргөн 50дөй адам бар. Ушулар саясаттан кетсе жакшы болот эле, буга кандай дейсиз?" деген суроо берди. Буга депутат "23 жылдан бери саясатта жүргөндөр 50 эмес, бирөө эле. Ал менмин. Калгандары 30-40тагы жигиттер. Эгер мен эле кетип, жашоо оңолуп кетчү болсо, анда парламентти таштап, кетип эле калайын. Тилекке каршы, андай эмес",- деп жооп берди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
Рейтинг:
-1

