super.kg logo
  Саясат  

Тайырбек Сарпашев жана Азербайжандын премьер-министри өлкөлөр аралык соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

 

КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Азербайжандын премьер-министри Артур Расизаде менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда КРнын Өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мамлекеттердин ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын учурдагы абалын жана перспективаларын талкуулашты. Алар илимий-техникалык, маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 2-отурумунун жыйынтыгы жөнүндө да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Т.Сарпашевдин айтымында, кыргыз-азербайжандык мамилелердин ортосунда жакшы өзгөрүүлөр байкалууда. Ал президенттер бекиткен келишимдер аткарылып жаткандыгын да баса белгиледи. Андан соң Т.Сарпашев кыргыз-азербайжандык инвестициялык фондду түзүүнү жана инвестициялык форумду өткөрүүнү сунуштады.

Азербайжандын өкмөт башчысы Артур Расизаде өз кезегинде: “Биздин өлкөлөрүбүздүн жана бир тууган элдерибиздин ортосундагы кызматташтык чоң келечеги бар. Мындан ары өлкөлөр аралык байланыштар бекемделерине мен толугу менен ишенем”,- деп билдирди.

Айта кетсек, 2014-жылдын 6 айынын ичинде Кыргызстан жана Азербайжандын ортосундагы соода жүргүзүү 9,7 миллион долларга жетип, 56,4 пайызга өстү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: