super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар талап-тоноочулардан коргонгон адамдарга кам көрө турган мыйзам долбоорун 1-окууда колдошту

 

Парламент депутаттары 11-сентябрда "КРнын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" мыйзамдын долбоорун 1-окуудан колдоп беришти. Демилгечилердин бири депутат Эристина Кочкарованын айтымында, сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун маңызы жарандардын өз үйүндө өз өмүрүн жана ден соолугун, мүлкүн, өз жакындарынын өмүрүн жана ден соолугун, мүлкүн коргоо үчүн жасаган бардык аракеттери зарыл коргонуу катары каралышы керек экендигинде турат.

Мындай аракеттер зарыл коргонуунун чектеринен ашып кеткендигин далилдөө иши айыпталуучуга эмес, айыптоочу тарапка жүктөлүүгө тийиш. Бул болсо өз үйүндө өзүн жана өзүнүн жакындарын коргогон адам кийин башка бир адамдын (кол салуучунун) ден соолугуна жана өмүрүнө атайылап залал келтиргендиги, аны өлтүргөндүгү үчүн айыпталуучу жана соттолуучу болуп калган кырдаалдарга жол бербөө үчүн керек.

Сунушталып жаткан түзөтүүлөр ар кандай ууру-кескилердин жана талап-тоноочулардын карасанатай ниеттерине бөгөт коюуга мүмкүндүк берет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: