super.kg logo
  Саясат  

"Бишкектин Алга айылындагы 10 гектар жер 20 жылдан бери иштетилбейт же элге берилбейт" деди депутат Сакебаев

 
Бүгүн, 11-сентябрда Жогорку Кеңеш жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева Ош шаарындагы айрым социалдык мекемелердин ордуна көп кабаттуу үйлөр, сейил бак аймактарына коммерциялык имараттар курулуп жатканын айтып чыкты. Депутат мындай баш аламан курулуштарга жол бергендерди жоопко тартууну өкмөткө сунуштады. Ал эми депутат Эркин Сакебаев Бишкек шаарын айланып өтүүчү жолдун боюндагы Алга айылында 600 үй-бүлөнүн жери жок. "Айыл өкмөтүнүн карамагындагы 10 гектар жер 20 жылдан бери иштетилбейт же элге берилбейт. Жергиликтүү бийликтин жерди трансформациялоо боюнча документтери даяр",- деп билдирди. "Баткен районунун Зар-Таш айылында 6 гектарга айдалган күрүчтү суу алып, дыйкандар чыгымга учурады" деген депутат Ташполот Балтабаев өкмөт тарабынан компенсация өңдүү чаралар көрүлүшү керектигин белгиледи.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: