Көчмөндөр оюндары: Ордо боюнча Кыргызстандын башкы курамы лидерлик сапка чыкты



Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюдарынын алкагында өтүп жаткан ордо боюнча мелдеште Кыргызстандын башкы курамы лидерлик сапка чыкты. Бул курам Кыргызстандын экинчи командасын (23:97 эсебинде) жана Казакстанды утуп алды (125:16 эсебинде).
Кошумчалай кетсек, мелдеш айлампа системинде өтүп жатат. Мелдешке жалпысынан Кыргызстан-1, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстан-2 курамалары катышууда.Ордо боюнча биринчиликтин байге фонду 1 миллион 300 миң сомду түзөт. 1-орунду ээлеген команда 700 миң сом, 2-орун ээси 400 миң сом жана 3-орун ээси 200 миң сом алат. Финалдык оюндар 13-сентябрда болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.