Бүгүн Ысык-Көлдө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин гидрометеорология боюнча кеңешинин 26-сессиясы башталат







Бүгүн, 12-сентябрда Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин гидрометеорология боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин 26-сессиясы башталат. Бул иш-чара 12-13-сентябрда өтүп, анын жыйынтыгында тиешелүү документтерге кол коюлат.
Аталган кеңеште КРнын Вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев, КРнын ӨКМнын башчысынын орун басары Давлетбек Алимбеков, Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюмунун башкы катчысы Мишель Жарро жана Орусиянын президентинин климат маселелери боюнча кеңешчиси Александр Бедрицкийдин катышуусу пландалган.
Иш-чаранын жүрүшүндө улуттук гирометеорологиялык кызматтарынын ишмердүүлүгү, 2011-2015-жылдарга кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын планы талкууланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:41
2025-06-25
Рейтинг:
0

Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүңүз: http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=77236&st=0&p=1623932&hl=+дубаланган +келин&fromsearch=1entry1623932