super.kg logo
  Саясат  

Ысык-Көл. Облуста 2012-жыл Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылы боюнча аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылды

 

Ысык-Көл облусу 2012-жыл Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылы боюнча аткарылган ииштерди жыйынтыктап жыл жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдирди. Аталган иш-чарага облустун бардык район, шаар башчылары, алардын орун басарлары, облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары жана маданият, билим берүү тармактарынын өкүлдөрү катышышты. Белгилей кетсек, өткөн жылда облуста аткарылган иш-чаралардын жыйынтыгын чыгаруу тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Асанакунов доклад жасап, облус боюнча 7 үй-бүлөгө баалуу белектерди тапшырды. Ошондой эле мамлекеттик тил боюнча алгылыктуу иш алып барган район, шаарларга баалуу белектер, облустун Ардак грамоталары тапшырылды. Андан сырткары мамлекеттик тил боюнча алгылыктуу иштерди жыл ичинде аткарган айрым мекеме- ишканалардын жетекчилери да акчалай сыйланышты. Салтанат Мамлекеттик тил жана үй-бүлө жылына арналган жыйынтыктоочу чакан концерт менен аяктады. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: