super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитине катышууда (фото)

 
Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарынан бир көрүнүш
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен
ШКУга мүчө мамлекеттердин башчылары
ШКУга мүчө мамлекеттердин башчылары
ШКУга мүчө мамлекеттердин башчылары
ШКУга мүчө мамлекеттердин башчылары
ШКУга мүчө мамлекеттердин башчылары
Саммит ишин улантууда
Саммит ишин улантууда
Саммит ишин улантууда

Бүгүн, 12-сентябрда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Дүйшөмбү шаарында өтүп жаткан Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин тар чөйрөдөгү отурумуна катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары отурумдун күн тартибин, кол коюуга даярдалган документтердин тизмесин, ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кийинки отуруму өткөрүлчү жерди талкуулашты.

Жыйында сүйлөгөн сөзүндө президент Алмазбек Атамбаев диний экстремизмдин өсүшү, Борбордук Азия өлкөлөрүнө террордук топтордун кирүү коркунучу, ошондой эле региондо баңгитрафиктин көбөйүү тобокелдиги негизги көйгөйлөрдөн, ошондуктан аймактагы мамлекеттер буга өзгөчө көңүл бурууга тийиш экендигин белгиледи. “ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосунда өз ара кызматташуунун жогорку деңгээли, максаттуу жана комплекстүү иштерди уюштуруу гана мындай коркунучтарга натыйжалуу бөгөт боло алат деп эсептейбиз”,- деди Алмазбек Атамбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: