Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Көк бөрү боюнча Өзбекстандын курамасы Ооганстанды 8:1 эсебинде утту
Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча мелдеште Өзбекстандын курамасы Ооганстанды 8:1 эсебинде утту.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
"А" тайпасындагы биринчи оюнда Кыргызстан-2 менен Түркия кез келип, 15:4 эсебинде кыргызстандык курам жеңишти камсыздай алган.
Ал эми "В" тайпасындагы биринчи оюнда Тажикстан Монголияны 16:2 эсеби менен утуп кетти. Эми бул тайпада Кыргызстан-1 менен Алтай Республикасы күч сынашат.
Жалпысынан оюндарга 8 команда катышып жатат. Финалдык беттеш 14-сентябрь күнү орун алат. Эки тайпанын жеңүүчүлөрү финалга чыгышса, тайпаларда 2-орунду ээлегендер 3-орун үчүн ат салышат. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий сайты жарыялады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
021279

12.09.2014. 16:53
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий сайтын жазып коесуздарбы
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.