super.kg logo

Дайынсыз жоголуп, 2 күндөн кийин балдар үйүнөн табылган Адэля Алымбаева боюнча атайын иликтөө жүргүзүлөт

 

10-сентябрда дайынсыз жоголуп, 12-сентябрда балдар үйүнөн табылган 12 жаштагы Адэля Алымбаеванын эмне себептен жоголгону боюнча атайын иликтөө иши жүргүзүлөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов билдирди. Сейитовдун айтымында, 12 жашар кыздын жоголгону боюнча тактай турган маселелер көп.  

Адэлянын эмне себептен жоголгону боюнча тактай турган маселе көп. Учурда кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Алынган маалыматтар боюнча, Адэля 9-сентябрда сабактан чыгып, андан ары классташ кызынын үйүнө барып саат 10го чейин отуруп, анан алар "үйүңө бар" дегенде үйүнө кетиптир. Курбу кызы "үйүңө бар" десе, “ата-энем урушуп жатат, баргым келбей жатат” деген экен. 10-сентябрда чет тил сабагында акыркы партага барып, маанайы жок отуруптур. Классташтары “Эмне болду?” дешсе, “башым ооруп жатат, үйгө кетейин, атам машинасы менен келди” деп суранып чыгыптыр. Бирок ата-энеси 11-сентябрь күнү Биринчи Май райондук милиция кызматына сүрөтүн, ал тууралуу керектүү маалыматтарды алып келип, "кызым дайынсыз болуп жатат" деп кайрылат. Бүгүн, 12-сентябрда саат 16:00 чамаларында кыз өзү апасына “балдар үйүнүн жанында турам, алып кет” деп телефон чалдырыптыр”,- деди Сейитов.   

Сейитов кыз ата-энесине башка бирөөлөр үйүнө алып барып тамак жасатып, иштеткенин айтканын кошумчалады. Кыз ата-энесине жолукканда башка бир аял үйүнө алып барып тамак жасатканын айтты. Мүмкүн, коркконунан ушул нерсени айтты. Биз Биринчи Май райондук башкармалыгынын балдар менен иштөө бөлүмүнө комиссия түзүп, иликтөө жүргүзүүнү тапшырдык. Бала бир-эки күндөн кийин өзүнө келип алса, психолог менен сүйлөштүрүп, бир чарасын табабыз. Эгерде чындап эле кыздын айтканындай болсо, ал кишилер табылып, жазасын алышат. Ата-энесинин кызга болгон мамилеси ушуга түртүшү да мүмкүн”,- деп кошумчалады ал.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
12.09.2014. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Айдай кызынарды жон эле кудай деп суйунуп карабайсынарбы бироого зар бироого кор деген ушу да уйбулонун отртосундагы чыр чатактан канчалаган балдар жабыркап жатышат..
12.09.2014. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
аябай жаман болуптур.кимди кармайсынар?жону жок айта беришетта биздин кызмат керлер.откондо жогору жактан окуп калдым.бир баланы уурдап кетип 70мин сом талап кылып ур токтоко алганын.ошондогу балдарды кармашыптыр анан кайра уй камагына чыгарып жибериптир.муну деле кармасанар уй камагына чыгарып жибересинерда.бизде эч кандай закон же жаштарды бир жакшы жака ундой турган эч нерсе жок.1-класстын окуучуларынан баштап саясатты суйлошот
13.09.2014. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Супердин админдерине: жыйынтыгын тактап, кандай болгонун билдирип койсонуздар жакшы болоор эле!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: