super.kg logo

Кечээ Ысык-Көлдө 2 күнгө созулган Эл аралык гидрометеорологиялык кеңештин сессиясы аяктады

 

Кечээ, 13-сентябрда Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында 2 күнгө созулган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин гидрометеорологиялык кеңешинин 26-сессиясы аяктады.

“Кыргызгидромет” кызматынын башчысы Зарылбек Итибаев аталган иш-чара жемиштүү өткөнүн белгилеп: “Анын жүрүшүндө оор маселелерди талкуулоолор орун алды, айрым пикир келишпестиктер да болду. Бирок биргеликте иштешип, аларды макулдашууга жетиштик”,- деди.

Мындан тышкары З.Итибаев аталган сессияда Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюмунун башкы катчысы Мишель Жарронун катышуусуна ыраазычылыгын билдирди. “Ушул эки күндүн ичиндеги жетишкендиктерибиз Кыргызстандын гидрометеорологиялык тармагынын өнүгүшүнө чоң салым кошоруна толугу менен ишенем. Мындан ары Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттер менен ушундай пайдалуу кызматташуу болот деп ойлойм”,- деди ал.

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин гидрометеорологиялык кеңешинин 26-сессиясы аяктаары менен Казакстандын "Гидромет" кызматынын жетекчилиги З.Итибаевди баалуу белек менен сыйлады.

Айта кетсек, иш-чаранын жүрүшүндө жакынкы бир жылдын ичинде сессияга жетекчилик кылуу КРнын ӨКМнын алдындагы “Кыргызгидромет” агенттигинин башчысы Зарылбек Итибаевге тапшырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: