Чолпон-Ата шаарында Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий жабылуу аземине даярдык көрүлүүдө
Бүгүн, 14-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий жабылуу аземи орун алат. 21:00гө туураланган иш-чарага учурда кызуу даярдык көрүлүүдө. Ат майданга эл акысыз кирип жатат жана кирген элдин саны убакыт өткөн сайын арбып баратканы байкалууда. Расмий эмес маалыматтарга караганда, 9-сентябрда орун алган ачылыш аземине күбө болуу үчүн келген элдин саны 14 миңге чукул болгон. Негизи, ат майдан 7 миң кишиге туураланган. Ачылыш аземи жыйынтыкталгандан кийин атайын концерттик программа уюшулганын уюштуруу тобунан кабарлашты.
Автор: Максат Кудайбердиев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:20
2025-10-31
Рейтинг:
2
2
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















