Жумгалдагы өрттү өчүрүүдө курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө президенттин фондунан 100 миң сом бөлүндү
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 13-сентябрда кол койгон буйрукка ылайык, 10-сентябрь күнү Нарын облусунун Жумгал районунун Каныш капчыгайындагы жана Кырчын жайлоосундагы өрттү өчүрүүдө курман болгон Нуралиев Абаскандын жана Дүйшөналиев Алтынбектин үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан 100 000 (жүз миң) сом бөлүндү. Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















