super.kg logo
  Саясат  

Дүйшөмбүдө өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйынында экономикалык байланыштарды бекемдөө маселеси каралды (фоторепортаж)

 

Өткөн аптанын соңунда президент Алмазбек Атамбаев Тажикстан Республикасынын Дүйшөмбү шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. 

ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынынын жүрүшүндө Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагында саясий жана экономикалык өз ара аракеттенүү маселелери, ошондой эле уюмдун приоритеттери жана мындан аркы өнүгүү маселелери талкууланды. 

Мамлекет башчысы иш сапарынын алкагында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушуп, экономикалык байланыштарды бекемдөө жана диверсификациялоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процессин тездетүүнү сүйлөшүштү. ШКУнун саммитинин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: