super.kg logo
  Саясат  

Нурлан Төрөбеков, депутат: “КМШ аймагында өтүп жаткан автожүрүш жарандардын атуулдук сезимдерин бекемдейт”

 

Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына жана советтик жоокерлердин Ооганстандан чыгарылышынын 25 жылдыгына арналган автожүрүш акциясы Кыргызстанга келди. Казакстандан башталган "Эч ким, эч нерсе унутулбайт" аттуу кеңири масштабдагы автожүрүш акциясы Кыргызстанга келип, аны өткөрүп алуу салтанаты борбор калаанын И.В.Панфилов атындагы сейил багында уюштурулду. Иш-чарага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, Кыргызстандын, Казакстандын жана Орусиянын Ооганстан согушунун ардагерлери катышты.

“КМШ аймагында биринчи жолу өтүп жаткан мындай автожүрүш коомдук-саясий мааниге ээ болуп, жарандардын мекенди сүйүүгө болгон атуулдук сезимдерин бекемдөөгө зор таасирин тийгизет. Кыргызстандан автожүрүшкө 20дан ашык өкүл катышат”,- дейт уюштуруу тобунда иш алып барган Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Төрөбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: