super.kg logo
  Саясат  

Чек арага чектеш жашаган жарандарга курал көтөрүүгө макулдук берген мыйзам долбоору сунушталууда

 

Жогорку Кеңештеги Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин 15-сентябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын “Чек ара ыйгарым укуктуулары” жөнүндө мыйзам долбоору талкууланып жатат. Демилгечи -депутат Бакыт Төрөбаев.

Мыйзам долбоору чек арага чектеш жашаган аймактардагы жашоочуларга курал көтөрүүгө макулдук берет.

Депутат Нурлан Төрөбеков мыйзам долбооруна каршы чыкты. “Макулдук бердик дейли, эртең бири-бирин атып алса ким жооп берет? Жоопкерчилик болуш керек да. Укуктук жактарын карап чыгыңыздар. Мен бул мыйзам долбооруна каршымын”,- деди.

Ал эми депутат Исмаил Исаков: “Биз бул мыйзам долбоору менен Чоң-Алай, Чаткал, Ат-Башы райондорундагы бийик тоолуу жерде жашагандарга курал көтөрүүгө уруксат берип жатабыз. Алар кадимки жаран болгону менен, Чек ара кызматында иштегендердей эле эрежеде колдонушат”,- деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: