super.kg logo
  Саясат  

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстандагы жайыттарды жакшыртууга 15 миллион доллар бөлүүдө

 

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитети 15-сентябрда “Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Жайыттарды жана мал чарбаны башкарууну жакшыртуу" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуу” долбоорун артка кайтарды. Документте насыянын жоопкерчилигин ала турган жактар так аныкталмакчы.

Мал чарбасы менен жайыттарды жакшыртуу менен элет тургундарынын арасында жакырчылыкты азайтуу максатында Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстанга 15 миллион доллар бөлүүдө. Анын 6,2 миллион доллары же 45 пайызы гранттык каражат, калган бөлүгү жеңилдетилген насыя. Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиевдин айтымында, насыя 0,75 үстөк пайызы менен 40 жылдык мөөнөткө берилип жатат. Анын алгачкы 6 жылында насыя төлөмдөрүнөн бошотулат. Келишимге ылайык, алынган каражаттын 1,5 миллион долларын өлкөнүн Жайыт комитеттери, калганын республикалык бюджет төлөй турганы белгилүү болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: