super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков: "Парламенттик демократияны өнүктүрүү менен кошо өлкөнүн экономикасын көтөрүү зарыл"

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 15-сентябрда Европа кеңешинин Борбор Азиядагы атайын өкүлү Янош Херманды кабыл алды. "Европа кеңеши тышкы саясий жана соода-экономикалык жактан маанилүү өнөктөш болуп саналат" деген спикер Европа кеңешинин Кыргызстанга ар тараптан көрсөткөн көмөгүнө ыраазычылык билдирди. Жээнбеков Кыргызстан менен Европа кеңешинин ортосундагы 30 миллион евро өлчөмүндөгү чакан каржылык көмөк көрсөтүү тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду макулдашуу процессине, ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнө жалпы суммасы 1 миллиард евро каражат бөлүү чечимине да токтолду. “Парламенттик демократияны өнүктүрүү менен өлкө экономикасын көтөрүү зарылдыгы турат. Буга байланыштуу ЕКтин көмөгү өз маалында болуп жатат жана ал бизге орчундуу колдоо болуп берет”,- дейт спикер.

Янош Херман Европа кеңеши Кыргызстандагы парламенттик демократияны өнүктүрүү жолундагы өлкөнүн жетишкендиктерин жогору баалаарын белгиледи. Европа кеңешинин демократиялык принциптерди бекемдөө, адам укуктарын коргоо, Кыргызстандагы шайлоо тутумун жакшыртуу маселелеринде келечекте дагы кызматташууга даяр экендигин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: