super.kg logo

Токмокто митинг өткөргөндөр милиция тарабынан улгайган адамдарга күч колдонулгандыгына нааразы болушууда

 

Бүгүн, 15-сентябрда Токмок шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү ишкананын алдында уюштурган митингдин катышуучулары милиция тарабынан күч колдонулгандыгына нааразы болушууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына “Кыргыз чоролору” коомдук бирикмесинин жетекчиси Замирбек Көчөрбаев билдирди.

“Бүгүн 100-150 чакты жергиликтүү тургун чогулуп, аталган ишкананын ишин токтотуу талабы менен митингге чыкканбыз. Иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери митингди өткөрүүгө тоскоолдук жаратып, 5-6 улгайган апаларыбызды ары-бери сүйрөштү. Эми бул факт боюнча иш козголобу же козголбойбу белгисиз”,- деди З.Көчөрбаев.

Андан соң ал 19-сентябрга чейин талаптар аткарылбаса, тургундар кытай кызматкерлерин күч менен кетирүүгө ниеттенгенин баса белгиледи. “Бул мунай ишканасы биздин үйлөрүбүздөн 100 метр аралыкта жайгашкан. Мындан тышкары жаңы салынган дагы бир база бар. Ал жакка вагондор менен бензин куюшат. Андан чыккан жытка тургундар ууланып, ооруканага жатышууда. Эгер биз азыртадан бул ишкананы жаппасак, жакын жайгашкан аймактагы үйлөрдүн тургундары да ууланып калышы мүмкүн”,- деп түшүндүрдү ал.

Айта кетсек, буга чейин Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы аталган митингге 100 эмес, 30 эле адам чыкканын билдирген. Мындан тышкары бул кызмат митингдин жүрүшүндө эч кандай укук бузуулар катталбаганын да белгилеген.






Токмоктогу митинг

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
15.09.2014. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
1-ден ишкана курула баштаганда пикетке чыксанар болмок,2-ден кемпирлерди аралаштырып эмне кыласынар? Милицияга баары бир,алар эч кимди киши ордуна корбойт.Ошол учун эл арасында алар кадыр-баркка ээ эмес.
15.09.2014. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Митингге чыккандарга түшүнбөй баратам: бир ишкана ачылып, жумуш орундары түзүлүп, ишке кирсе эле "антип калдык, минтип калдык, жапкыла" деп чыгышат, анан кайра "жумуш жок, эл тентип кетти" деп бийликке күнөө коюшат. Бир нерсе кылалы десе эле жол тосуп, тоскоолдуктарды жаратышат, "кымышка катыштыгы бар" деп бирөөлөрдү кармаса кайра "аларды бошоткула" дешет.
Муну жөн гана ээнбаштык, өзүм билемдик
Мэри түзөттү 15.09.2014 18:57
Медиа-портал
16.09.2014. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
качан болгон митинг?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: